А сен дагы эле жүрөсүң! Америкада 11 жаштагы кыз лимонад чыгарып, 11 миллион доллар киреше тапкан

Америкалык өспүрүм кыз лимонад чыгаруу боюнча бизнес ачып, 11 миллион доллар киреше тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Микаила Ульмер аттуу кыз 4 жашында чоң энесинен калган рецепттин жардамында суусундуктарды жасап, кийинчерээк бал кошуп көрүүнү чечет. Кичинекей кыздын бал кошулган лимонады эл арасында жакшы кабыл алынып, бат эле популярдуу болот. 2016-жылы ал 11 жашында лимонадды сатуу боюнча ири фирма менен келишим түзөт. Анын рецепти менен жасалган лимонад  штаттарга тарап, жалпы 1500 дүкөндө сатылып баштайт. Ошондон жаш ишкер 11 миллион доллар пайда тапканы айтылат.

«Бизнести баштоо үчүн атайын кеңешим деле жок. Бирок идеяңыз жакшы бышып жетилбесе, ишти алып кетүү кыйын болот. Ишенип коюңуз, бизнести өнүктүрүү үчүн аябай көп эмгек талап кылынат», — дейт жаш ишкер.

Андан сырткары Микаила эринге коюлуучу бальзамдын линиясын чыгарып, китеп жазып, айтор, мектепти аяктаганча бизнесин бутка тургузуп алган. Учурда жаш ишкер 17 жашта, анын бизнеси күндөн күнгө өркүндөп-өскөнү айтылат.