«Абалы оор». Ташкентте ЛГБТ блогерин сабап кетишти

Өзбекстанда салттуу эмес сексуалдык мамилелерди колдогон блогер Миразиз Базаровду белгисиз бирөөлөр токмоктоп кетишти. Ага кол салгандар учурда изделүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 28-мартта үч белгисиз адам көчөдө ЛГБТ блогерине кол салышып, аны сабап кетишкен. Мындан улам блогер Ташкенттеги ооруканалардын бирине жаткырылган. Медициналык корутундуга ылайык, блогер атап айтканда, краниоцеребралдык ачык жана жабык жаракат алган, ошондой эле сол бутунун сөөктөрү сынып кеткен.

«Учурда бул факты боюнча Ташкент шаарынын Мирабад районунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан «ден-соолукка атайылап оор жаракат келтирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду», — деп айтылат маалыматта.

Өзбекстандын жогорудагы беренесине ылайык, эгер кылмыш далилденсе 5 жылга эркинен ажыратуу жазасы каралган.