Абанын кескин өзгөрүшүнөн улам тоңуп калган Ниагара шаркыратмасы (сүрөт)

Ice sits at the base of the American Falls due to cold temperatures in Niagara Falls, New York, U.S., February 21, 2021. REUTERS/Lindsay DeDario TPX IMAGES OF THE DAY - RC2GXL9Y16YS

АКШ менен Канаданын чектешкен аймагында жайгашкан Ниагара шаркыратмасы аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам жарым-жартылай тоңуп калган.

Акыркы жолу Ниагара шаркыратмасы 2019-жылы тоңуп калган эле. Анда абанын температурасы нөлдөн төмөндөгөндө, Ниагара дарыясына куюлган суулардан пайда болгон туман тоңуп, муз кабыгын пайда кылат деп түшүндүрүшкөн эле. Бул шаркыратманын тоңуп калгандай көрүнүшүн жаратат. Бирок муздун астынан суу өтө берет.