«Абанын температурасы 40 градустан жогору». Индияда мээ кайнаткан ысык болуп жатат

Индияда аномалдуу ысык болуп жатат. Айрым аймактарда абанын температурасы 40 градустан жогору болууда. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

«Эгер бизге базардан азык-түлүк керек болсо, үйдөн саат 12:00гө чейин же 17:00дөн кийин чыгып жатабыз. Эгер көчөгө чыгыш керек болуп калса, баардык коопсуздук эрежелерин сактап жатабыз. Суу көп ичиш керек экен»,- дешет тургундар.

Жергиликтүү дарыгерлердин айтымында, ысыктан улам ден соолукка байланыштуу тынчсыздануулар коронавирустун күтүлгөн төртүнчү толкунуна караганда көбүрөөк тынчсыздандырып жатат. Индияда азыр болуп жаткан окуялар акыркы ондогон жылдардагы климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу болууда.