Adidas компаниясы дүйнөдөгү эң узун Originals Superstar бут кийимин жасады. Бут кийим эстониялык рэп ырчы Томми Кэш үчүн жасалган. Бул тууралуу рэпер өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.
Рэпердин айтымында, алгач Adidas компаниясын адаттан тыш спорттук бут кийимдерди жаратуу идеясы таң калтырган, бирок беш айдан кийин алар идеяны ишке ашырышкан. Музыкант тажатма, жөнөкөй жана модалуу нерселерден тажагандыгын айтып, оригиналдуу нерсени чыгарууну чечкен.
Азырынча бут кийимдин так узундугу кабарлана элек. Социалдык тармактын колдонуучулары бут кийимдин оригиналдуу болгондугун айтып, жогорку баасын беришүүдө.