Adobe компаниясынын негиздөөчүсү жана PDF форматынын түзүүчүсү каза болду

Adobe программалык камсыздоосунун негиздөөчүлөрүнүн бири Жон Уорнок 83 жашында каза болгонун Tengrinews.kz Adobe сайтына шилтеме берүү менен билдирди.

Жон Уорнок 19-августта үй-бүлөсү жана досторунун курчоосунда каза болгон. Уорнок Adobe компаниясын 1982-жылы өнөктөшү Чарльз Гешке менен негиздеген. Алар мурда Xerox компаниясында чогуу иштешкен.

Жетишкендиктери үчүн Уорнок технология жана инновация үчүн улуттук медаль менен сыйланган, аны АКШнын мурдагы президенти Барак Обама тапшырган.