Ооганстандын борбор калаасында болгон жардырууда 4 адам каза болду

Ооганстандын борбору болгон Кабулда жардыруу болуп, анын кесепетинен төрт адам каза болуп, беш адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалымат боюнча, 13-июлда «Талибан» кыймылынын жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн бири өкмөттүк күчтөр менен кармашууну каалабай турганын билдирип, аларды багынып берүүгө чакырган. Ал арада Бириккен улуттар уюмунун качкындар агенттиги чыңалуу күчөп жатканына байланыштуу бир топ оогандыктар үй-жайларын таштап кетүүгө аргасыз болорун эскертти. «Ооганстанда гуманитардык кризистин башталып кетүү коркунучу бар. Мунун алдын алса болот», — деди Женевада өткөн брифингде БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарынын маалымат катчысы.

Ооганстанда талибдер өлкөнүн үчтөн бир бөлүгүн басып алышты. Алардын чабуулдары АКШ башында турган эл аралык күчтөр чыгарылып баштаган май айынан бери күч алды.