Ооганстандын дагы эки району «Талибандын» көзөмөлүнө өттү

Ооганстандын түндүгүндөгү Балх жана Тахар провинцияларындагы эки  районго «Талибан» көзөмөл орнотту. Акыркы эки ай ичинде аталган кыймылдын көзөмөлүнө 40тан ашуун район өткөн. БУУнун маалыматы боюнча, «Талибан» Ооганстандын аймагынын 70 пайызга чейинки бөлүгүн басып алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Балх провинциясынын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын айтымында, согушчандар Балхтын Өзбекстан менен чектешкен Шортепе районуна куралдуу кол салган. Кол салууда коопсуздук күчтөрү чегинүүгө аргасыз болуп, талибдер районду басып алышкан. Тахар провинциясынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын айтымында, согушкерлер Рустак районун көзөмөлгө алган. «Талибан» кыймылынын билдирүүсүндө, акыркы 24 саат ичинде Шортепе жана Рустак райондорун, ошондой эле дагы эки районду көзөмөлгө алышканын билдиришкен. Бул аралыкта Ооганстандын Коргоо министрлигинен акыркы 24 саатта «Талибан» кыймылынын согушчандарына каршы операцияда 193 согушкер өлтүрүлгөнү, 110дон ашуун жаракат алганын маалымдашты.

Ооганстандын 407 районунун 130у талибдердин көзөмөлүндө, 60ы ооган коопсуздук күчтөрүнүн карамагында. 34 провинциянын борборлору мамлекеттин коргоосунда. 200 райондо куралдуу кагылышуулар жүрүп жатат.