Ахтырка шаарындагы аскердик база жардырылып, 70тен ашуун украин аскерлери набыт болду (фото)

Украинанын Сумы облусунун башчысы Дмитрий Живицкий Telegram баракчасына Харьков менен Киевдин ортосундагы Ахтырка шаарындагы аскердик базаны орус артиллериясынын аткылоосунан 70тен ашуун украин аскери каза болгонун жазды.

Ал төрт кабаттуу күйүп кеткен имаратты жана урандыларды тазалап жаткан куткаруучулардын сүрөттөрүн жарыялады. Кийинчерээк Фейсбуктагы билдирүүсүндө ал 27-февралда да көптөгөн орус аскерлери жана айрым жергиликтүү тургундар набыт болгонун жазган эле.