«Ай сайын кеминде 500 миң тенге которгон». Сотто Бишимбаев Нукеновага короткон акчаны санашты

Бүгүн, 3-майда Астанада жубайы Салтанат Нукенованы өлтүргөн деп айыпталган экс-министр Куандык Бишимбаевдин иши боюнча соттук отурум уланууда. Анда жарыш сөз кезеги боюнча айыпталуучунун жактоочулары сүйлөп жатышат.

Жактоочу Лейла Рамазанова соттолуучу тараптан өзгөчө мыкаачылык жана кыйноо болбогонунун аргументи катарында экс-министрдин жубайына короткон акча каражатынын суммасын атады.

«Куандыктын Салтанатка эки жолу сатып берген сааттын эле баасы 6-8 миллион тенге болгон. Ага акча да которуп турган. Ай сайын кеминде 500 миң тенге жөнөткөн», — деди жактоочу.

Жактоочу ошондой эле Салтанаттын Бишимбаевге сүйүүсүн билдирген жана аны жоготуп алуудан корко турганын жазган билдирүүлөрүн да окуп берди.

«Куандыктын кыйноодо күнөөсү жоктугун далилдер тастыктап турат. Буга чейин жактоочулардын бири Куандыкты образдуу түрдө калктын 30 жылдык азабы үчүн курмандыкка чалуу керектигин айтты. Эмне үчүн ал бул үчүн жооп бериши керек? Биз бул жерде Куандык Бишимбаевди эмес, мыйзамды коргоп жатабыз. Куандыктын ордунда ар бир эле эмоцияга алдырган, токтоно албай калган адам болуп калышы ыктымал», — деди Лейла Рамазанова.