Айжан Байзакова фамилиясын өзгөрткөнүн айтты

Популярдуу блогер Айжан Байзакова турмушка чыккандан кийин фамилиясын өзгөрткөнүн айтты. 

Айжан Байзакова болочок күйөөсү үйлөнүү тоюна чейин эле фамилиясын өзгөртүү керектигин эскерткенин белгиледи. Адегенде бул ачуусун келтирген, бирок ал бул маселени ар тараптан карап, ошентсе да макул болгон. 

«Негизинен мен фамилиямды жакшы көрөм, фамилиям канча акча алып келет» деп айттым. Анан окуп калдым, аял күйөөсүнүн фамилиясын алса, алар чындап эле үй-бүлө болуп калат экен. Бир командадай болуп калат экен»,- деди ал.