«Айлык азыр баарына жетпей калды». Франциянын президентине жергиликтүү тургун асмандаган бааны айтып арызданды

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Дижон шаарына барган сапарында жергиликтүү тургундардын биринин асмандаган бааны айткан арызын укту. Экөөнүн сүйлөшүүсүн франциялык басылмалар чагылдырышты.

«Өткөн аптанын жума күнү дизель майынын баасы 1,9 евро болчу. Андан бери 30 центке кымбаттап кетти. 48 сааттын ичинде дизель майы эмне үчүн 30 центке көтөрүлгөнүн түшүндүрүп бериңизчи? Эртең Путин газды өчүрүп салса, эмне кылабыз?» — деди жергиликтүү тургун өлкө башчысына.

Макрон ага бул маселе боюнча уюштуруу иштери боло турганын билдирди. Ал Европада Франция жарандардын төлөм жөндөмдүүлүгү жаатында эң көп иштерди жасап жатканын айтты.

«Президент мырза, сиз элестете да албай жатасыз. Өзүңүздү катардагы француз үй-бүлөсүнүн башчысынын ордуна коюңуз. Өтө жаман болуп жатат. Соода кылып жаткан учурда, унаага күйүүчү май куйдурганда… Мурда алган айлыгым жакшы жашоого жетчү, андан артканын топтоп, эс алууга барып келе алчумун. Азыр андай кылуу мүмкүн эмес. Мен жакыр жумушчуга айландым. Эсеп дүмүрчөктөрүн төлөө үчүн эле ишке барып жатам, андан акча артпай калып жатат», — деди ачууга алдырып сүйлөгөн жергиликтүү тургун.

«Газ менен бензиндин баасына келсек, бул жерде сыйкырдуу рецепт жок, анткени, биз аны өндүрбөйбүз. Биз эмне кылышыбыз керек? Биз аны азыраак сатып алышыбыз зарыл. Биз Орусиядан азыраак көз каранды болушубуз кажет. Биз ушул үчүн күрөшүп жатабыз, кийинки айларда максатыбызга жетебиз деп үмүт кылам», — деди Франциянын президенти.