«Айлыктан айлыкка жашагым келбейт». Үйүн сатып, саякаттоого учуп кеткен казакстандык менен маек

Алматынын 32 жаштагы тургуну Айжан Ибраева жашоосун түп-тамырынан бери өзгөртүп, «баарын таштап, деңизге учуп кетсемчи?» деген суроо койгон. Ал Tengri Travel басылмасына болгон окуясын айтып берген. 

Айжан Орусиянын Омск шаарында төрөлгөн, кийин үй-бүлөсү Казакстанга көчүп кеткен. Кыз Астана менен Алматыда жашап, маркетинг тармагында 10 жылдан ашык иштеген. «Көп жылдар бою адегенде жалданып, андан кийин фрилансер болуп иштедим. Бирок ошентсе да бир шаарга — Алматыга байланып калгандай болдум. Бул жерде эки жыл мурун ипотека алдым. Үйдө мышыгым да бар болчу. Мен өзүмдүн түптөлгөн жашоомду таштай албай тургандай сездим, бирок саякаттагым келди. Бир күнү мен бир чечимге келдим. Батирди бир күндө сатып, ипотеканы жаптым, мышыгымды апама бердим. Кийим-кече, буюмдарды апамдарга таштадым дагы саякаттоого кеттим», — деди ал. 

Айжан дайыма саякаттоону кыялданчу, бирок ар кандай себептерден улам кыялы ишке ашкан эмес. «Мен интернет-жарнама тармагында онлайн иштей алам жана иштей берем. Батир сатылгандан кийин жаңы горизонттор ачылып жаткандай болду. Үйдү сатып, ипотеканы төлөгөн соң жакшы эле акча калды. Мен Таиландга учуп кеттим. Бир-эки күндөн кийин мен океанга баргым келгенин түшүнүп, Балиге кеттим», — дейт ал. 

Айжан жашоосун кескин түрдө өзгөртүү чечимине өкүнбөй турганын кошумчалайт. «Июнь айында мен Европага чоң саякатка чыгам. Ал жерде токтоп калбай, жер шарынын ар кайсы бурчтарында жашоону улантууну кыялданам. Мен бул дүйнөнү чындап көргүм келет. Күндөр кантип өтүп жатканын байкабай айлыктан айлыкка жашагым келбейт», — деди ал.

@aizhan.i.m Перемены всегда к лучшему #foryou #fyp #energy #lifestyle #travel #mindset #motivation ♬ original sound — Nastasia