«Айрым дене мүчөлөрү жок». Орусияда аялды мыкаачылык менен өлтүргөн делип 63 жаштагы киши кармалды

Томск облусунун Зональная станция айылында аялды мыкаачылык менен өлтүрүү фактысы катталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Российская газета жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, бүгүн, 17-июлда таң эрте Виталий Грачев көчөсүндөгү №2Б үйдүн кире беришиндеги тепкичтен тургундар зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн белгилери бар денени табышкан. 

«Жансыз денеде айрым дене мүчөлөрү жок болгон»,- деп билдирди Томск облусунун Тергөө башкармалыгы. Ал эми баштыкка оролгон дене мүчөлөрү тергөө тобу тарабынан үйдүн жанындагы таштанды челегинен табылган.

Кылмышка шектелип полиция тарабынан 63 жаштагы киши кармалган. Сурак учурунда жасаган ишин мойнуна алган. Тергөө иштери уланып жатат.