Болливуд жылдызы Айшвария Рай кызы менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, катуу сынга алынды

1994-жылдын «Дүйнө периси» болгон индиялык белгилүү актриса өз кызын оозунан өпкөнү үчүн күйөрмандары тарабынан катуу сынга кабылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

49 жаштагы Болливуд жылдызы Instagram социалдык тармагына кызы менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, аны 11 жашы менен куттуктады. Бирок коомчулук бакыт, ден соолук тилегендин ордуна, баланы оозунан өбүү туура эмес деп эсептеп, Айшвария Рай катуу сынга алынды.

Айрым колдонуучулар чоңоюп калган кызды оозунан өпкөнгө болбой турганын жазышып, сүрөттү жарыялоонун кереги жок экенин билдиришти. Арасында бул Индиянын маданиятына жатпай турганын да жазышты. Ошол эле учурда аны колдогондор да болду. Алар апасы кызына ушундай жол менен энелик мээримин көрсөтүп жатканын айтышса, айрымдары бул нормалдуу эле көрүнүш экенин жазышты.