Айыккыс ооруга чалдыккан баласын дарылоодон баш тарткан эне жазага тартылды

Орусияда 10 жыл бою баласына жазылган дарыларды бербей, дарылоодон баш тарткан эне жазага тартылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 2011-жылдан 2021-жылгаа чейин баласынын айыккыс ооруга чалдыкканын билип туруп энеси дарыгерлер жазып берген дары-дармектерди албай, тийиштүү медициналык процедуралардан өткөрбөй жүргөн. Адитештирилген борбордун кызматкерлери баласына кайдигер болгон эненин окуясын айтып арызданышкан. Тийиштүү органдар баланы ооруканага жаткырышкан. Ал эми энеси күнөөсүн моюнуна алып, 10 ай түзөтүү иштерине тартылган.