Айыкпас ооруга чалдыккан Селин Диондун абалы тууралуу эжеси айтып берди

Айыккыс неврологиялык ооруга чалдыккан канадалык ырчы Селин Диондун эжеси HELLO! басылмасына бир тууганынын абалы тууралуу айтып берди. 

Клодетте Диондун айтымында, анын эжеси күчтүү айым жана айыгып кетүү үчүн болгон аракетин кылып жатат. «Булчуңдардын тырышып калуусун көзөмөлгө ала албайт экенбиз. Сиздерде деле түн ортосунда бутуңуздун булчуңу тырышып ойгонгон учурлар болсо керек. Эжемдики да ушул сыяктуу, бирок денесиндеги бардык булчуңдар тырышып калат. Аны колдой эле алабыз», — деди ал. 

Ушул жылдын май айында 55 жаштагы Селин Дион оорусуна байланыштуу 2023 жана 2024-жылдары дүйнөлүк турненин алкагында пландалган бардык концерттерин токтотуп жатканы кабарланган. Ал жалпысынан Европанын шаарларындагы 40тан ашык концертин токтоткон.