Ак куунун аза күтүүсүнөн улам Германияда 20дан ашуун поезд жолдо токтоп турду

Темир жолдо жубун жоготкон ак куунун аза күтүүсүнөн улам Германияда 20дан ашуун поезд жолдо дээрлик бир сааттай токтоп турду. Бул тууралуу жергиликтүү полиция маалымат тараткан.

Окуя 23-декабрда Кассель жана Геттингенди бириктирген темир жолдо орун алган. Ылдам жүргөн темир жолдун аймагына учуп келген эки ак куунун бири болжолдуу түрдө урунуп алуудан өлүп калган. Анын аман калган жубу кырсык болгон жерден учуп кете албай койгон. Темир жол кызматкерлеринин аны учуруп жиберүүгө жасаган аракеттеринен майнап чыккан эмес. Жыйынтыгында өрт өчүргүчтөр чакырылып, алар канаттууну атайын жабдыктын жардамы менен көтөрүп, жылбай отурган жеринен башка жайга которушкан. Мындай өзгөчө куткаруу операциясынан улам 23 поезд 50 мүнөттөй токтотулуп турган.

Аман калган ак кууну жакын жердеги көлдөрдүн бирине алып барып, коё беришкени маалымдалат.