АКШ коронавируска каршы эмдөөнү баштайт

Америка кошмо штаттары коронавируска каршы элге эмдөө жургүзүүнү баштайт.
Бул тууралуу учурдагы АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн твиттердеги аккаунтунда видеокайрылуу аркылуу жарыялады.
«Биринчи эмдөө 24 саатка жетпей жасалат»,- дейт Трамп мырза. Маалыматтар боюнча америкалык «Pfizer» компаниясы «BioNTech» немис компаниясы менен билгеликте иштеп чыккан коронавируска каршы вакцина АКШнын Тамак-аш жана медикаменттердин сапаты боюнча башкармалыгы тарабынан колдоо таап, каттоого алынды.
Президент Трамп бул ишти «медициналык керемет» атады. «АКШ 9 айдын ичинде коронавируска каршы залалсыз жана эффективдүү вакцина иштеп чыга алды. Бул тарыхтагы улуу илимий жетишкендиктердин бири»,- дейт ал.