АКШнын Ички коопсуздук департаменти Өзбекстандын өкмөтү менен биргеликте өзбекстандык, казакстандык жана кыргызстандык 100дөн ашуун мыйзамсыз жүргөн адамдарды депортациялады. Бул тууралуу 30-апрелде АКШнын Ички иштер министрлиги билдиргенин «Центральная Азия» жазды.
Ички коопсуздук министри Кристи Ноэм Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевге 131 мыйзамсыз жүргөндөрдү мекенине кайтаруу үчүн рейс жөнөткөн жетекчилиги үчүн ыраазычылык билдирди.










