АКШ Өзбекстан жана Тажикстанда аскерлерин жайгаштырышы мүмкүн

АКШнын аскерлери Ооганстандан чыгарылгандан кийин АКШнын бийлиги кайрадан Борбордук Азияда жана Жакынкы Чыгышта аскер базаларын жайгаштырууну көздөп жатат. Бул тууралуу АКШдагы «The Wall Street Journal» гезити жазды.

Аталган басылманын булактары билдиргендей, АКШнын бийлик өкүлдөрү Орто Азия менен Перс булуңундагы өлкөлөрдү карап, болбосо Аба-деңиз күчтөрүнүн кемелерин тартууну ойлоп жатышат. Ошондой эле АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясынын расмий өкүлдөрү жана айрым аскер кызматкерлеринин айтымында, Ооганстан менен чектешкен Өзбекстан менен Тажикстанга артыкчылык берилүүдө. Бирок бул региондо Орусия менен Кытайдын аскерлери бар болгондуктан жана алар менен болгон оор мамилеге байланыштуу, Борбор Азияда аскер базаларын жайгаштыруу татаал болот. АКШга базалар аскерлерин, учкучу жок аппарат, бомбалоочу жана артиллериясын жайгаштыруу үчүн зарыл болуп жатканы айтылууда. АКШ азырынча Орто Азиядагы базаларында аскерлерин жайгаштыруу үчүн уруксат сурай элек. Бул маселе Коргоо министрлиги жана Ак үйдүн кароосунда турат.

«The Wall Street Journal» гезитинин булактары билдиргендей, Орто Азия өлкөлөрү Орусия менен Кытайдын таасирине тең салмак түзүүнү каалашат, ошондой эле Москва менен Пекин дагы Вашингтондун аймакта туруктуулукту камсыздоо ниетин тең бөлүшөт. Май айында АКШнын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад Өзбекстан менен Тажикстанга барып, Ооганстандагы абалды талкуулаган.

«The Wall Street Journal» гезитинин булагы билдиргендей, Өзбекстан менен Тажикстан аймакта зомбулук күчөп кетиши мүмкүн экенинен кооптонуп жатышат. Буга чейин АКШнын Өзбекстанда жана Кыргызстанда базалары бар болчу. Алар аскерлерди жайгаштыруу жана Ооганстанда атайын операцияларды жүргүзүү үчүн пайдаланып келген. АКШ Өзбекстандагы базасын 2005-жылы, Кыргызстандагы базасын 2014-жылы чыгарып кеткен. АКШнын президенти Жо Байден апрель айында НАТОнун Ооганстандагы аскерлери ушул жылдын 11-сентябрына чейин чыгарыларын жарыялаган.