АКШ президенти Жо Байден коронавирус жугузуп алды

АКШ президенти Жо Байден коронавирус жугузуп алды. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер билдирди. 

Маалыматка караганда, ал буга чейин вакцина алган, ошондуктан оору жеңил өтүп жатат. «Мен жакшымын. Тынчсызданганыңыздар үчүн рахмат. Мен сенатор Кейсиге, конгрессмен Картрайтка жана мэр Когнеттиге телефон чалып, бүгүнкү иш-чарабызды өткөрүп жибергениме өкүнүп жатканымды билдирдим»,- деп жазды Байден Твиттердеги баракчасына. 

Ал эми биринчи айымдан коронавирус аныкталган эмес.