АКШ Тажик чек арачыларына дээрлик 3 миллион долларлык жардам көрсөттү

АКШнын Тажикстандагы элчилиги Тажик чек ара күчтөрүнө радиоприемниктерди, жүк ташуучу унааларды жана Jeep J8 унаасы үчүн тетиктерди тапшырды. Элчиликтин сайтында жазылгандай, баасы 1,1 миллион доллар турган радиоприёмник жана унаалар чек ара аскерлерине чек ара аймагындагы чектелген рельефте маневр жасоого жана сүйлөшүүгө мүмкүндүк берет. Jeep J8 унаасы үчүн тетиктер, техникалык кызмат көрсөтүү боюнча устакана жана тийиштүү окутуу 1,85 миллион долларга бааланган. 

Буга чейин 2021-жылдын ноябрь айында элчилик чек арачыларга 1,4 миллион долларлык Jeep J8 үлгүсүндөгү 18 унаа берген жана бул жолку берилген тетиктер жана устакана чек арачыларга бул унааларды көп жылдар бою иштөө абалында кармап турууга кепилдик берет.