АКШ Тажикстанга чек араны бекемдөөгө 8 жүк ташуучу унаа берип, 60 миллион доллар бөлдү

АКШнын Тажикстандагы элчилиги чек араны бекемдөө максатында колдонуу үчүн 8 IVECO жүк ташуучу унаасын, дөңгөлөк жана тетиктерди аталган өлкөнүн Коргоо министрлигине берди. Баш-аягы 2,3 миллион долларлык техникалык жардам Тажикстандын оор ландшафттагы шартында министрликтин мобилдүүлүгүн жакшыртары айтылат.

2021-жылдын октябрь айында элчилик 1,4 миллион доллар турган 20 J8 жолтандабасты өткөрүп берген.

АКШнын Тажикстандагы элчисинин орун басары Брижит Уокердин айтымында, АКШ Тажикстанга 60 миллион доллардан ашуун жардам бөлүп берүү милдетин алган. Ал коопсуздук тармагына багытталган жана эки жыл ичинде ишке ашат.