АКШ: Трамп экинчи ирээт акталып чыкты

Америка Кошмо Штатынын мурдагы президентти Доналд Трампка жарыяланган экинчи импичмент да ишке ашпай, акталып чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, АКШ Конгрессинин Сенаттар палатасы карап жаткан Дональд Трампка жарыяланган импичментти кабыл алуу боюнча 5 күндүк процесс кечээ, 13-январда жыйынтыкталып, 57 сенатор декларацияны кабыл алууга макулдугун берсе, ал эми 43 сенатор Трампты актаган добуш берген.

Мындан улам Трамп АКШнын тарыхында эки жолу импичмент жарыяланган биринчи президент жана Сенат эки жолу актаган биринчи мамлекет башчысы болуп калды.

Белгилей кетсек Трампка буга чейин 2019-жылы да импичмент жарыяланган.

Ал эми анын экинчи жолу импичментти, 6-январда АКШда Трамптын тарапташтары козголоң чыгарып, Капитолийди басып алышкандыктан, Өкүлдөр палатасы Дональд Трампты күнөөлүү деп таап, 13-январда жарыялашкан.