АКШда 13 жаштагы бала 66 окуучусу бар автобусту токтотуп калган (видео)

АКШда13 жаштагы бала 66 окуучусу бар мектеп автобусун айдоочу рулда эс-учун жоготуп койгондон кийин токтотуп калган. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.

Диллон Ривз тез реакция кылып, автобус каршы тилкеге ​​чыгып баштаганда, көзөмөлдү колго алган. Окуядан эч ким жабыркаган эмес, айдоочу ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөн.