АКШда 14 жаштагы өспүрүм мектепте ок чыгарып, 4 адам каза болду

АКШнын Жоржия штатында 14 жаштагы өспүрүм мектепте ок чыгарып, кеминде 4 киши каза таап, 30 киши жарадар болгонун CNN телеканалы билдирди.

Окуя кечээ, 4-сентябрь күнү эртең менен Уиндер шаарындагы Апалачи мектебинде болгон. «Өлгөндөрдүн арасында эки окуучу жана эки мугалим бар», — деп айтылат маалыматта. 

Жоржиянын Тергөө бюросу ок аткан өспүрүм камакта экенин айтты.