АКШда 15-жолку аракеттен кийин гана спикер шайланды

АКШда 15-жолку аракеттен кийин гана Конгресстин өкүлдөр палатасында республикачылдардын лидери Кевин Маккарти спикер болуп шайланды. Ал 216 добуш алса, анын атаандашы болгон демократ Хаким Жефрис 212 добуш алды.

Буга чейин эгерде республикачылдар жеңишке жетсе, анда алар президент Жо Байденге карата иликтөө иштерин демилгелеп чыгышарын айтышкан. Ал коронавирустун пандемиясы, Ооганстандан аскерлерди алып чыгуу жана түштүк чек арадагы мигранттарга байланыштуу кырдаал боюнча болот.

Конгресстин мурдагы спикери демократ Нэнси Пелоси 2022-жылдын ноябрь айында аталган кызматтан кетерин жарыялаган болчу.