АКШда 1951-жылы дайынсыз жоголгон бала тирүү табылды

АКШда 70 жылдан ашык убакыт мурун жоголуп кеткен бала тирүү табылды. Mercury News гезити Луис Армандо Альбинонун укмуштуудай окуясы тууралуу жазды. 

1951-жылдын 21-февралында белгисиз аял Луис улуу агасы Роджер менен ойноп жаткан Батыш Окленд шаарындагы (Калифорния) парктан алдап алып кеткен. Бала апасы Антония жана беш бир тууганы менен Пуэрто-Рикодон АКШга жаңы эле барган жана англис тилин жакшы түшүнчү эмес. Бейтааныш аял ага испан тилинде сүйлөп, таттууларды алып берерин айткан. Эч нерседен шектенбей аны ээрчип кетип, ошол бойдон дайынсыз болгон. 

Полиция аны издөөгө алган, бирок майнап чыккан эмес. Кийинчерээк белгилүү болгондой, аны уурдаган АКШнын башка тарабына алып кеткен. Бул жылдар бою үй-бүлө Альбинону табуу үмүтүн үзүшкөн эмес.

Баланын апасы 2005-жылы каза болгон, бирок уулунун тирүү экенине дайыма ишенген. Ал каза болгондон кийин издөөнү Альбинонун жээни Алида Алекин уланткан. Анын аркасы менен жоголгон баланын жабылган иши кайра-кайра ачылып, акыры полиция менен ФБР жоголгон бала болушу мүмкүн болгон адамды тапкан. Алардын тууган экенин ДНК-тест аныктаган. 

Табылган жаран балалыгын элес-булас гана эстей аларын, бирок үй-бүлөсү эч качан анын балалыгы тууралуу сүйлөшпөгөнүн айткан.