Кечээ, 25-октябрда кечинде белгисиз адам тарабынан АКШнын Льюистон шаарында ок чыгаруудан кеминде 22 адам каза болуп, ондогон адамдар жарадар болгон. Полиция шектүүнүн 40 жаштагы Роберт Кард аттуу жаран экенин аныктаган.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айтымында, дал ушул адам Schemengees барында жана Sparetime Recreation боулинг клубунда ок чыгарган. Полиция Кард дагы эле эркиндикте экенин, куралдуу жана коркунучтуу экенин белгиледи.
Кард ок атуучу куралдар боюнча инструктор болгон жана армиянын резервинде болгон. Ал жакында эле психикалык көйгөйлөрү бар экенин билдирип, үндөр угулуп жатканын айтып, Сако штатындагы, Мэндеги Улуттук гвардиянын базасын атып салам деп коркуткан. Кард ушул жайда эки жума психикалык ооруканада жаткан.







