АКШда 5 күндүк аза күтүү жарыяланды

«АКШнын президенти Жо Байден өлкөгө беш күндүк аза күтүү жарыялады. АКШда коронавирустун айынан каза болгондордун саны жарым миллиондон ашты»,- деп билдирет РИА Новости.

Аза күтүү учурунда өлкө боюнча желектер беш күнгө түшүрүлөт.

Жонс Хопкинс университетинин берген маалыматына караганда, Америкада коронавирустан 500 071 адам көз жумса, илдет 28 миллион адамдан аныкталган.