АКШда адамдар көчөдө жаңы Apple көз айнегин тагынып жүрүшөт (видео)

АКШда Apple Vision Pro аралаш реалдуулук көз айнектери биринчи ээлерине жеткирилди. Компаниянын маалыматы боюнча, 200 миң америкалык аппаратты өткөн жума күнү, 2-февралда колуна алышкан.

Аны алган адамдар Американын көчөлөрүн кыдырып, ары-бери өткөндөрдү күлдүрүп жатышат. Аппараттар көчөдө жана соода борборлорунда жүргөндө, метродо жүргөндө жана машыгуу учурунда кийилет.

Автопилот менен Tesla электр унаасын айдап жүргөндө да, кээ бир айдоочулар бул көз айнек тагынышат, бирок кээ бир штаттарда рулда отурганда бөтөн нерселерди колдонууга тыюу салынган. Мындай айдоочулар дароо токтотулуп, айып пул салынат.

Apple сегиз жылдан ашык убакыттан бери бул аппараттын үстүндө иштеп жаткан жана алар «мейкиндиктик компьютер» деп атаган нерсени жаратты. Гаджет кароо, жаңсоо, үн жана Digital Crown аркылуу башкарылат. Мындай көз айнектин баасы 3500 долларды түзөт.