АКШда «Алтын глобус» сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү.
Сыйлык ээлери жана ага жеткен эмгектер тизмеси төмөнкүчө:
«Бруталист» мыкты драмалык тасма деп табылып, режиссеру Брейди Корбет жана актердук чеберчилиги үчүн Адриен Броуди сыйлык алды. «Эмилия Перес» мыкты чет элдик жана музыкалык фильм болуп таанылды.
Селена Гомес эки номинацияга ат салышкан («Эмилия Перес» тасмасындагы ролу үчүн «Экинчи пландагы мыкты актриса» жана «Бир имараттагы киши өлтүрүүлөр» сериалы үчүн «Мюзиклдеги же комедиядагы мыкты актриса»). Бирок алардын биринде да жеңишке жеткен жок. Ал эми көпчүлүктүн сүймөнчүгү деп эсептеген «Анора» тасмасы сыйлыксыз калды.
Мыкты кино-драма: «Бруталист».
Мыкты тасма-комедия же мюзикл: «Эмилия Перес».
Мыкты режиссер: Брэди Корбет, «Бруталист».
Драмадагы мыкты актер: Адриен Броуди, «Бруталист».
Драмадагы мыкты актриса: Фернанда Торрес, «Мен дагы ушул жердемин» («Я все еще здесь»).
Комедиядагы же мюзиклдеги мыкты актер: Себастиан Стэн, «Башка адам» («Другой человек»).
Комедиядагы же мюзиклдеги мыкты актриса: Деми Мур, «Субстанция».
Тасманын мыкты экинчи пландагы актеру: Киран Калкин, «Чыныгы оору» («Настоящая боль»).
Мыкты экинчи пландагы актриса: Зои Салдана, «Эмилия Перес».
Мыкты сценарий: Питер Строан, «Конклав».
Мыкты анимациялык фильм: «Агым» («Поток/Течение (Flow)»).
Мыкты телесериал-комедия же мюзикл: «Айла-амалдар» («Хитрости»).
Мыкты мини-сериялар, Антология сериалы же ТВдагы тасма: «Маралдын баласы» («Олененок»).
Чет тилдеги мыкты тасма: «Эмилия Перес».
Мыкты телесериал драмасы: «Сегун».
Телесериал драмасындагы мыкты актер: Хироюки Санада («Сегун»).
Телесериалдагы мыкты актер-мюзикл же комедия: Жереми Аллен Уайт «Аюу» («Медведь»).
Сериалдын мыкты актрисасы (драма): Анна Савай («Сегун»).
ТВ үчүн мыкты минисериал, Антология сериалы же кино актеру: Колин Фаррелл «Пингвин».
Телесериалдагы мыкты актриса: Жоди Фостер, «Чыныгы детектив» («Настоящий детектив»).
Телесериалдагы мыкты актриса — комедия же мюзикл: Жин Смарт, «Айла-Амалдар».
Сериалдын экинчи пландагы мыкты актеру: Таданобу Асано, «Сегун».
«Сегун» сериалы «Тактылар оюнуна» («Игры пристолов») татыктуу атаандаш аталган.
«Алтын глобус» сыйлыгы кино жана телевидение дүйнөсүндөгү эң абройлуу сыйлыктардын бири болуп эсептелет. Бул иш чара «Оскардын» алдында маанилүү божомол саналат. 2025-жылы «Оскар» аземи марттын башында өтөт.