АКШда атышуу болуп, 4 адам каза болду

Американын Калифорния штатында жайгашкан соода комплексиндеги атышуудан төрт адам каза болду. Көз жумгандардын ичинде бала да бар. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, атышуу штатка караган Оринж шаарындагы бизнес-комплексте болгон. Каза болгон төртөөнөн тышкары, эки адам жаракат алды. Алардын бири ок чыгарган кылмышкер. Учурда жаракат алгандар ооруканада экени айтылганы менен, абалы жөнүндө толук маалымат бериле элек.

Ошондой эле атышуунун себеби учурда айтыла элек.