АКШда биринчи жолу чочконун бөйрөгүн адамга салышты

АКШнын окумуштуулары биринчи жолу чочконун бөйрөгүн адамга салышты. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.

Операция 4 саатка созулган. Жаныбардын органы 69 геномдук өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Операция 16-мартта 62 жаштагы бейтапка жасалган. Дарыгерлер эгер бөйрөк иштеп кетсе, мындай процедуралар дүйнөдөгү органдардын жетишсиздигин чечүү жолу болорун айтышат. Америка Кошмо Штаттарында эле 100 миңден ашуун адам органдын трансплантациясын күтүп жатат, алардын 17си күн сайын күтүп жатып каза болот.