АКШда болгон катуу бороон 20дан ашык адамдын өмүрүн алды

Американын түштүк штаттарында болгон бороондон 20дан ашык адам каза тапты. Ошондой эле миллиондогон тургундар электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу чет элдик бсылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бул катуу бороондон айрыкча Техас штаты эң көп жабыркаган. Аны менен катар Луизиана, Кентукки, Түндүк Каролина жана Миссури штаттарынын бир нече жарандары көз жумган.

Ошондой эле мындай рекорддук суук аба ырайы АКШнын түштүк аймактарында дагы бир нече күнгө созулары айтылууда. Учурда мындай аба ырайынын айынан Американын 71%дан ашык аймагы кар астында калган.