АКШда бороондон улам миңдеген жарандар жарыксыз калды (видео)

30-август күнү АКШдагы бороон-чапкындан улам бир топ кооптуу абал жаралды. Мындан улам жолдор жабылып, электр жарыгы өчүрүлгөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Нөшөрлөп жааган жамгыр, катуу шамал адамдар үчүн коркунуч жаратууда. Китон Бич аймагында шамалдын ылдамдыгы саатына 205 чакырымга жеткен. Тропикалык бороон-чапкындан улам Жоржияда болжол менен 107 миң, түндүк Каролинада 33 миң, жана түштүк Каролинада 23 миң үй электр жарыгысыз калды. АКШ президенти Жо Байден бул аймакка өзгөчө кырдаал жарыялап, федералдык жардам көрсөтүлөрүн билдирди. Губернатор Рон Десантис жергиликтүү тургундарды зарыл иши болбосо коопту аймактарга чыкпоого чакырган.

Бороондун катуу болушунан улам АКШнын  Түштүк Каролина штатында унаа бороондун күчү менен башка унаага барып урунганын көрүүгө болот.