Цивилизациядан алыс жашоону каалаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн сөөгү ушул айдын башында Колорадо штатынын батышындагы токойдон табылган. Бул тууралуу PravilaMag билдирди.
Алар Колорадо-Спрингс шаарынан 42 жаштагы Ребекка Вэнс, анын 41 жаштагы бир тууган сиңдиси Кристин жана анын 14 жаштагы уулу болгон. Сөөктөрдүн жанынан тамак-аш салынган бош кутулар, китептер жана даараткана табылган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, туугандар өткөн жылдын июль айында токойго көчүүнү чечишкен. Ошентип, алар дүйнөдөгү терс өзгөрүүлөрдөн коргонууну каалашкан.
Үчөө тең кышында каза болгон. Маалым болгондой, алар жылуу турак-жай курууга киришип, бирок суук түшкөнгө чейин бүтүрүүгө үлгүрүшкөн эмес. Өлүмдүн себеби азырынча тактала элек, бирок бийлик өкүлдөрү алардын ачкалыктан, сууктан же иске ууланып каза болушу мүмкүн деп болжолдоодо.
Алардын эжеси Тревала Харанын айтымында, аялдардын цивилизациядан тышкаркы жашоо тажрыйбасы болгон эмес. Алар негизинен YouTube видеолорунан жана китептеринен токойдогу жашоону көрүп келишкен. Ошондой эле аларга узак убакыт бою цивилизациядан тышкары жашаган досу аман калуу боюнча кеңештерди берип келген.