АКШда электрондук тамекини «жакшы» көргөн жигит эки өпкөсүн тең алмаштырды

АКШда 22 жаштагы жигит көп жылдар бою электрондук тамеки чеккендиктен эки өпкөсүн тең алмаштырууга туура келген. Дарыгерлердин айтымында, мындай операциядан кийин аман калуу мүмкүнчүлүгү болгону 1 пайызды түзөт. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты. 

Жаш жигит ооруканага ичи ооруп, кош пневмония менен түшкөн. Ооруканада анын абалы ушунчалык тез начарлап кеткендиктен, дарыгерлер аны аппаратка кошушкан. 

Көп жылдар бою электрондук тамеки чеккени үчүн өпкөсү өзгөрүп кеткен, дарыгерлер экөөнү тең трансплантациялоого аргасыз болушкан. Операциядан кийинки абалы жакшы, эми ал тамеки тарта албайт. Ал келечекте дагы бир операцияга муктаж болушу мүмкүн.