АКШда «эң кары» ымыркай төрөлдү

АКШда 30 жыл мурун тоңдурулган эмбриондон наристе төрөлдү. Бала дароо эле «эң кары бала» деп рекордсмен аталды. Бул тууралуу MIT Technology Review басылмасы жазды. 

Бул окуя 31 жыл мурун Арчеддин үй-бүлөсүндө болгон. Жубайлар балалуу болууну кыялданышкан, бирок алар табигый жол менен балалуу боло алышкан эмес. Андан кийин Линда Арчед ЭКО клиникасына кайрылып, ал жерде төрт эмбрионду алышкан. Бирөөсү Линдага имплантацияланып, калган үчөөнү тоңдурууну чечишкен.

Линда кыз төрөгөн. Анын кызы азыр 30 жашта. Ал эми калган үч эмбрион ушуга чейин клиникада сакталган. Аял жыл сайын алардын сакталышына акча төлөп, аларды өзүнүн «кичинекей үмүтү» деп атаган. Башында аларды өзү көтөрүп, төрөгүсү келген, бирок ден соолугу буга жол берген эмес. 

Линда жакында эле эмбриондордон баш тартууга мүмкүндүк берген программага катталган. Ал программа боюнча аял болочоктогу балага үй-бүлө тапса, баш тартса болот. Ал 30 жыл мурун төрөлгөн эжеси менен таанышып, келечекте алар менен байланышты үзбөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушун каалап, болочок баласына үй-бүлө издеп көпкө жүргөн. 

Көп өтпөй үй-бүлө табылган. Жубайлар Линдси менен Тим Пирс да программада болушкан жана алар өздөрү балалуу боло албагандыктан, эмбрионду «асырап алууну» үмүт кылышкан. Линда Арчеддин 30 жаштагы эмбриону Линдси Пирске ийгиликтүү имплантацияланып, тогуз айдан кийин дени сак бала төрөлгөн.