АКШда «Ида» куюну 44 адамдын өмүрүн алды (сүрөт)

A man takes pictures of high waves along the shore of Lake Pontchartrain as Hurricane Ida nears, Sunday, Aug. 29, 2021, in New Orleans. (AP Photo/Gerald Herbert)

Түндүк-Чыгыштагы төрт штатта болгон суу ташкындан кеминде 44 киши каза болду. Нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Нью-Йорктун метро линияларын суу каптады, ошондой эле авиакомпаниялардын каттамдары токтотулду. Бул тууралуу Reuters жазды. 

Өлкөнүн чыгыш жээги, Нью-Йорк баш болгон көптөгөн шаарларды суу каптады. Куюн бул аймакка катуу жамгыр алып келип, көчөлөрдү, метрону, ошондой эле жер төлөлөрдөгү жана биринчи кабаттардагы турак жайларды суу астында калды. Бийлик өкүлдөрү азыр табигый кырсыктан каза болгон кеминде 44 адам тууралуу маалыматты тастыктап жатат. Нью-Йоркто 13 адам, анын ичинде эки жашар бала каза болду, дагы 27 адам Нью-Жерсиде. Курман болгондордун сөөгү Бриджуотер шаарында жана Хиллсборо, Монтгомери, Түштүк Плейнфилд жана Пассаик округдарында да табылган.

Жаңы Орлеан шаары электр жарыгын өчүрүү учурунда талап-тоноочулукка жол бербөө үчүн коменданттык саат киргизди. Нью-Йоркто суу ташкынына байланыштуу өзгөчө абал жарыяланды.