АКШда иллюминатору учуп кеткен учак шашылыш конду (видео)

Alaska Airlines авиакомпаниясынын жүргүнчү учагы 5-январда учактын иллюминатору учуп, фюзеляждын бир бөлүгү чыгып кеткенден кийин Портленд шаарына шашылыш конгон. Бул тууралуу Associated Press жазды.

KATU телеканалы учактын ичинен иллюминатору жана эшиктеринин бири жок экенин көрсөткөн сүрөттөрдү жарыялады. Жабыркагандар болгон эмес. Учак Портлендден Онтарио шаарына учуп бара жаткан.