АКШда киши мурунку аялын сотко берип, бөйрөгүн кайтарып берүүнү же 1,5 миллион доллар кенемте төлөп берүүнү талап кылган. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазды.
Эркектин айтымында, ал бөйрөгүн жубайына берип, анын өмүрүн сактап калган. Алар буга чейин эле ажырашабыз деп жүрүшкөн. Аял ажырашууга арыз бергенде күйөөсү органды кайтарып берүүнү талап кылган.
Бирок сот бөйрөктү белекке берилген деп чечкен жана киши эч кандай кенемте да алган эмес. Дарыгерлер да салынган бөйрөктү кайра алууга болбой турганын айтышкан. Gazeta.ru маалымдагандай, компенсация алуу аракети мыйзамдуу нормаларга каршы келет.