АКШда жол кыймылына тоскоолдук кылган кундуз камакка алынды

АКШда жол кыймылына тоскоолдук кылган кундуз кармалды. Вашингтон штатынын полициясы жол кыймылын жаап салган деп айыпталган кундуздардын бирин камакка алды.

Экинчи «чабуулчу» дагы эле эркиндикте. Окуя 1-мартта Беллингем шаарына жакын жерде болгон. Жергиликтүү тургундар жолдон эки чоң кемирүүчүлөр байкалганын айтышкан. Чакырууга жооп берген полиция тобу кырдаалга баа берип, жапайы жаратылыш департаментинен кошумча күчтөрдү сураган. Окуя болгон жерге адистер бара жатканда кундуздар качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Бирок эртеси алар кайра чоң жолго чыгышкан. Анын бирөө ошол жерде кармалган.