АКШда көлчүктүн сүрөтүн тарткан фотограф «жылдызга» айланды

Чикаголук сүрөтчү Уинслоу Дюмейн социалдык тармактарга “келемиш чуңкурунун” сүрөтүн жарыялаган. 

32 жаштагы сүрөтчүнүн айтымында, ал «Чикагодогу келемиштердин «үйүнө» барууга» туура келген. Сүрөттө кемирүүчүлөрдүн элеси түшүрүлгөн жана ага суу толуп калган. Кызыгы, билдирүү 5 миллион көрүүгө, дээрлик 9 миң репостко жана 136 миңден ашык лайкка ээ болгон.

«Жерден келемиштин «үйүн» көргөндө мени бирөө ургандай болуп туруп калып, дароо каткырдым» деген жазуу калтырган Дюмейн.