АКШда компания 27 жыл иштеген кызматкерине сувенир белек кылган. Окуяга нааразы болгондор жаранга 370 миң доллар чогултуп беришти

АКШда Burger King компаниясы 27 жыл иштеген кызматкерине белек катары сувенир белек кылган. Аталган окуя коомчулуктун көңүлүн буруп, окуяга көңүл кош карабаган жарандар 370 миң доллар чогултушкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

27 жыл Burger King компаниясында иштеген 54 жаштагы Кевин Фордго жетекчилиги кружка, бир баштык момпосуй, киного билет жана калемсап белекке берген. Форд компанияга ыраазычылык айтып белектерин видеого тартып социалдык баракчасына жүктөгөн. Колдонуучулар көп жылдык эмгеги үчүн сувенир белек кылган компанияга нааразычылыктарын айтып чыгышкан. Эл катарында белекке нааразы болгон Форддун кызы атасына каражат чогултуу үчүн атайын эсеп ачкан. Кайрымдуулук акциясына америкалык актёр Дэвид Спейд да кошулуп, 5000 доллар которгон. Кевин Форддун окуясына таасирленгендер жалпы 370 миң доллар акча чогултушкан.

Форд чогулган акчаны кайда короторун билбей жатканын жана азырынча неберелеринин колледжге окуусуна деп чогулткан акчасына кошуп коёрун билдирген.

Кийинчерээк Burger King компаниясы сувенирди Кевин Фордго кесиптештери бергенин айтып, ал эми компания кызматкерлерге көп жылдык эмгеги үчүн акчалай сыйлыктарды уюштуруп турарын кошумчалаган.