АКШда кооптуу заттарды ташыган поезд кырсыкка учурап, 50гө жакын вагон күйүп кетти

АКШда кооптуу заттарды ташыган поезд жолунан чыгып кетип, 50гө жакын вагон күйүп кетти. Бул тууралуу Reuters жазды.

Маалыматка караганда, кырсык Огайо штатында катталган. 100дөн ашык вагондун 20сында күйүү учурунда айлана-чөйрөгө коркунуч туудурган уулуу жана тез күйүүчү зат винилхлорид болгон. 141 вагондун 50сү рельстен чыгып кеткен. Кырсык катталган жерге жакын жашаган 2 миңден ашуун жаран эвакуацияланды.