АКШда 13 кабаттуу имарат кулап, 150дөн ашуун адам урандылардын арасынан изделүүдө

АКШнын Флорида штатындагы Майами шаарынын Серфсайд аймагында 13 кабаттуу үйдүн жарым-жартылай урап түшүшүнөн улам каза болгондордун саны 11ге жетти. Беш күндөн бери урандыдан 150дөн ашуун киши изделүүдө. Аймакта өткөрүлгөн жыйында куткаруучулар дайыны чыкпай жаткан адамдардын туугандарына жана жакындарына дагы деле үмүт артуу керектигин билдиришти.

Өрт өчүрүү кызматынын башчысы Израилдин жана Мексиканын топторун камтыган 300дөн ашуун өзгөчө кырдаал куткаруу топтору күнү-түнү иштеп жатышканын билдирген. 40 жыл мурда курулган имараттын эмнеден улам кулап түшкөн себеби белгисиз. Бирок эки жыл мурдагы текшерүүдө анда олуттуу бузуулар бар экени айтылган.