АКШда кулаган имараттан каза болгондордун саны 18ге жетти

АКШнын Флорида штатындагы Майами шаарынын Серфсайд аймагында 13 кабаттуу үйдүн урандысынан дагы 2 кыздын сөөгү табылды. Жалпысынан өлгөндөрдүн саны 18ге жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Майами шаарынын мэри Даниэлла Левин Кава маалымат жыйынында имараттын калдыктарын издөө жана куткаруу иштери жүрүп жаткан учурда 10 жаштагы Люсия жана 4 жаштагы Эмма Гуара аттуу бир туугандардын сөөгү табылгандыгын жарыялады. Ошондой эле учурда дагы 145тен ашуун кишинин сөөгү изделип жаткандыгын шаардын мэри кошумчалады.

24-июнда 13 кабаттуу үй жарым-жартылай урап түшүп, кырсыктан бери 300дөй куткаруучу күнү-түнү иштеп жатышат.