АКШда кулаган көпүрөнүн кесепетинен 6 киши көз жумду

Балтимордо (Мэриленд штаты) көпүрөнүн кыйрашы 6 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу NBC News жазды. 

Маалыматка караганда, бир адамды сактап калышкан.

Балтимордо (Мэриленд штаты, АКШ) узундугу 2,57 чакырымдык болгон унаа көпүрөсү жүк ташуучу кеме сүзүп кеткен соң сууга кулап түшкөнүн The Telegraph басылмасы жазган. Шаардык өрт өчүрүү кызматынын өкүлүнүн айтымында, кеминде 7 унаа сууга түшүп кеткен.